Таң атып келе жатканда, үрүл-бүрүлдө. Таң кылайып сөгүлүп, Кулан өөк болгондо («Манас»). В.: Таң сөгүлүү. Таң кашкайып сөгүлдү. Таң сүрүү. Таң сүргөндө жолго чыктык («Ала-Тоо»). Таң супа салуу. Таң супасын салыптыр, Тараза жылдыз так ордуна барыптыр («Эр Табылды»).